Кыргызстандын футболчулары Таиландга жеңилди. Башкы машыктыруучу себенин айтты

Кыргызстандын футболчулары Таиландга жеңилди. Башкы машыктыруучу себенин айтты

Кыргызстандын футбол курамасынын башкы машыктыруучусу Штефан Таркович Азия кубогунун алкагындагы Таиланд менен болгон биринчи оюн тууралуу комментарий берди. Бул тууралуу Кыргызстандын футбол бирикмеси билдирди.

Эскерте кетсек, аталган беттеште Кыргызстан атаандаштарына 0:2 эсебинде жеңилди.

«Биздин команда үчүн оор беттеш болду. Үмүтүбүз акталган жок. Таиланд биз менен бирдей деңгээлде ойногон курама экендигин билчүбүз. Бирок, командада дагы эле көптөгөн чечиле элек жана алардын үстүнөн иштей турчу маселелердин бар экендиги анык болду. Футбол — айып аянтчаларында кылдаттык менен оюн жүргүзүүнү талап кылган оюн. Борбордук бөлүктөгү оюнубуз начар болгон жок. Бирок айып аянтчаларда жетиштүү деңгээлде ишенимдүү ойной албадык, бүгүнкү жеңилүүнүн башкы себеби дал ушуда болду.

Биз оюнду талдап, оюнчулар менен олуттуу түрдө сүйлөшүүбүз керек. Атаандаштын жана өзүбүздүн айып аянтчаларыбызда туура чечимдерди кабыл алууну үйрөнүшүбүз керек.

Мелдеш биз үчүн али бүтө элек. Алдыда 2 беттеш бар. Биз тайпабызда фаворит болгон Сауд Арабия жана былтыр ноябрда 1:0 эсебинде уткан Оман менен ойнойбуз», — дейт ал.

Азия кубогу: Кыргызстан канткенде тайпасынан чыга алат?

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>