Аселдин мурду-кулагын кескен мурдагы күйөөсү сотко алынып келди (видео)

Аселдин мурду-кулагын кескен мурдагы күйөөсү сотко алынып келди (видео)

Асел Ногойбаеванын кулак-мурдун кескен мурдагы күйөөсү Азамат Эстебесов сот залына алынып келди. Иш Сокулук райондук сотунда каралууда.

Соттук отурум жабык өтүүдө, ага журналисттер киргизилген жок.

Асел Ногойбаевага колдоо көрсөтүү үчүн сотко келген укук коргоочулар менен жарандык активисттер Эстебесовду өмүр бою эркинен ажыратууну талап кылышууда.

Бүгүн Эстебесовго өкүм чыгары күтүлүүдө.

Эскерте кетсек, 2023-жылы 20-сентябрда Селекцияда эркек киши мурдагы аялын (Асел Ногоайбаеваны) сабап, кулагын жана мурдун кесип салган. Шектүү катары 39 жаштагы Азамат Эстебесов аттуу жаран кармалган.

Кийинчерээк аталган жаран мурдагы аялын (Асел Ногоайбаеваны) зордуктаганы үчүн Сокулук райондук соту тарабынан 5 жылга абакка кесилгени, ошол эле учурда сот ага пробация колдонуп, эркиндигинен ажыратуу жазасынан бошотуп жибергени белгилүү болгон. Жабыркаган аял райондук соттун чечими менен макул болбой, Чүй облустук сотуна апелляциялык арыз менен кайрылган.

27-сентябрда облустук сот зордуктоо боюнча ишти карап, айыпталуучуну 8 жылга эркинен ажыраткан. Белгилей кетсек, зордуктоо 2023-жылы 31-январда сентябрдагы каргашалуу окуяга чейин болгон.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>