Райым Матраимов издөөдө. Анын эмнеге шектелип жаткандыгы айтылды

Райым Матраимов издөөдө. Анын эмнеге шектелип жаткандыгы айтылды

УКМК Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райым Матраимовго издөө жарыялады. Бул туурасында айрым жалпыга маалымдоо каражаттары өздүк булактарга таянып жазып чыгышты.

Ал уюшкан топ жана кылмыштуу топтор тарабынан адамды күч менен кармоо, анын жүрүү эркиндигин чектөөгө айыпталып жатканы айтылат. Кылмыш-жаза кодексинин бул (169-беренеси) боюнча коомдук иш же 1-3 жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштары, 50 миң сомдон 100 миң сомго чейин айып пул менен жазаланат.

Эскерте кетсек, кримтөбөл Камчыбек Көлбаев өлтүрүлгөн күнү (2022-жылдын 4-октябрында) Райымбек Матраимов УКМКга суракка чакырылганы кабарланган. Андан бир ай өтпөй УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев мурдагы чиновниктин кланы жоюларын белгилеген.

Камчы Көлбаев жана Райымбек Матраимов менен байланышкан 180ден ашуун мамлекеттик кызматкер иштен бошотулду.

2020-жылы Райымбек Матраимов бажыдагы коррупцияга шектелип кармалып, 2021-жылы Биринчи май райондук соту аны «коррупцияга» күнөөлүү деп таап, 260 миң сом айып салган.

Ташиев: Мындан ары мамлекетибизде Көлбаев, Матраимов деген мафия болбойт (видео)

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>