Жарандар суукта иштеп жаткан «тазалыкчыларга» чай беришти

Жарандар суукта иштеп жаткан «тазалыкчыларга» чай беришти

Бишкек шаарында түнү бою иштеген «Тазалык» муниципалдык ишканасынын  кызматкерлерине жарандар ысык чай алып келип беришти. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, түнкүсүн шаардын көчөлөрүндө жол тейлөө башкармалыгынын 30 жумушчусу иштеп, 37 атайын техника тартылган.

“Борбор калаанын жолдоруна 96 тонна техникалык туз чачылды. Эртең менен экинчи нөөмөттө – 110 жүктөгүч, 619 тазалоочу ишке киришти”, — деп айтылат маалыматта.

Мэрия шаардыктарга колдоо жана камкордук көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирет.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>