Бишкек милициясы укук коргоо органдарынын кызматкерлерин урматтоо зарылдыгын эскерттиКонго Демократиялык Республикасында Эбола илдетинин эң ири очогу катталды20 млрд доллар: Жаңы «Асман» шаары кандай болот?Кытай Кыргызстандын суу чарба тармагына 370 даана техника беретКазакстанда 70 жылдан кийин алгачкы жолу жапайы жаратылышка жолборс коё берилди227 млн сом зыян: Башкы прокуратура гемодиализ боюнча кылмыш ишин козгоду
Аскер жана укук коргоо кызматкерлерине үстөк жогорулайт
19.09.2022 | 16:45
Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын аскер кызматчыларына жана укук коргоо органдарынын кызматкерлерине акчалай үлүштү төлөө системасын өркүндөтүү жөнүндө” жарлыкка кол койду. Бул тууралуу преизденттин басма сөз кызматы билдирди.
Жарлыкка ылайык, аскер кызматчыларынын жана укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин материалдык жыргалчылыгын жогорулатуу жана Кыргыз Республикасынын аскердик кызмат жана укук коргоо органдарында кызмат өтөө милдеттерин аткаруу үчүн тийиштүү шарттарды камсыз кылуу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 66, 71-беренелерине ылайык токтом кылынат:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети:
- 2022-жылдын 1-октябрынан тартып Кыргыз Республикасынын прокуратура органдарынын системасынын кызматкерлерин кошпогондо, Кыргыз Республикасынын аскер кызматчыларына жана укук коргоо органдарынын кызматкерлерине кызмат өтөө үчүн үстөктөрдү жылдык эмгек акы фондунун 80 пайызына чейин жогорулатсын;
- Бул Жарлыкты ишке ашыруу боюнча зарыл болгон чараларды көрсүн.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика