Жоокерлер мекен үчүн акыркы мүнөттөрүнө чейин күрөштү, — Ташиев

Жоокерлер мекен үчүн акыркы мүнөттөрүнө чейин күрөштү, — Ташиев

Жоокерлерибиз акыркы мүнөттөрүнө чейин мекен үчүн күрөшүп, каза болду. Бул тууралуу  УКМКнын төргасы Камчыбек Ташиев Баткендеги абал тууралуу маалымат берип жатып билдирди.

Ал жоокерлер тайманбастыгы менен мекенди сактап калышканын айтты.

«Учурда абал оор жана туруктуу. Эки тарап тең техникасын артка тартып жатат. Буюрса, 2-3 күн ичинде абал турукташса гана тургундары көчүрүп келебиз», — деди Ташиев.

Ошондой эле ал бүгүн өлкөдө улуттук аза күтүү күнү жарыялангандыгына байланыштуу кыргыз элине көңүл айтты.

Камчыбек Ташиев өз сөзүндө жоокерлерибиздин баатырдык тайманбастыгы мекендин бүтүндүгүн сактап калгандыгын баса белгиледи.

16-сентябрда кыргыз-тажик чек арасындагы абал кайрадан курчуп, Тажикстандын агрессиясынан улам куралдуу кагылыш башталган.

УКМК Тажикстан Кыргызстандын аймагын басып алууга аракет көрүп жатканын билдирген. Кагылышты токтотууга аракеттер көрүлүп, эки өлкөнүн УКМК башчыларыпрезиденттери ортосунда ок атууну токтотуу макулдашылган. Ага карбастан ок атышуулар түнгө барып басылган. Расмий бийлик 17-сентябрга караган түн тынч өткөнүн билдирген.

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев чек арадагы жаңжалдын айынан аскер жана жай тургундар арасында курман болгондор бар экенин билдирген.

17-сентябрь күнү чек арадагы абал чыңалуу бойдон калды. Тажикстандын аскерлери ок атышууну токтотуу тууралуу макулдашууларды бузуп, Баткендеги айылдарды (ДостукПаскы-Арык) жана Ош облусунун Чоң-Алайдагы кыргыз чек арачыларынын позицияларын аткылады.

18-сентябрга караган түн да тынч өттү. Саат 14:00гө карата УКМК билдиргендей, кыргыз-тажик чек арасындагы абал тынч бойдон калууда жана турукташуу тенденциясы бар.

Кыргызстанда 19-сентябрь улуттук аза күтүү күнү деп жарыяланды.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги 14-17-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында болгон куралдуу кагылыш боюнча билдирүү жасап, Тажикстан алдын ала пландап, Кыргызстанга кол салганын билдирди.

19-сентябрга караган түн тынч өткөн, ок атышуулар болгон эмес. Ошол эле учурда абал чыңалуу бойдон калууда.

Акыркы маалыматтар боюнча Тажикстандын кол салуусунан Кыргызстан тараптан 59 адам каза тапты, жарадар болгондордун саны 163тү түзөт.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>