Аскердик тик учактын кулашы: Министрлик жабыркагандардын абалы тууралуу айтты

Аскердик тик учактын кулашы: Министрлик жабыркагандардын абалы тууралуу айтты

Чүйдө кулаган аскердик тик учактагы 1 адам каза болуп, 8 киши жабыркады. Бул маалыматты Коргоо министрлиги ырастады.

Маалыматка караганда, жабыркагандар ооруканага жеткирилген. Төртөө реанимацияда жатат, алардын ичинен бирөөсүнүн абалы өтө оор. Калган 4 кишинин абалы орто деп бааланууда.

Эскерте кетсек, бүгүн Чүйдө абадан коргонуу күчтөрүнүн тик учагы болжол менен саат 10:55те кулаган. Reporter.kg’ге өздүк булактары кырсыктын кесепетинен 1 адам каза болуп, 8 киши жабыркаганын билдирген. Каза болгон адам башкы учкуч болгону айтылды.

Учурда министрликтин жана абадан коргонуу күчтөрүнүн кызмат адамдары окуянын чоо-жайын териштирүүдө.

Кулаган тик учактын сүрөтү «Акипресс» сайтынан алынды

Чүйдө аскердик тик учак кулап, бир адам каза болгону кабарланууда (фото)

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>