Мамлекеттик ооруканада кимдерге дарылануу бекер? Министрдин жообу

Мамлекеттик ооруканада кимдерге дарылануу бекер? Министрдин жообу

Жарандар, айрыкча кары-картаңдар үчүн өлкөдө медициналык жардам алуу өтө кымбатка турууда. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында депутат Нуржигит Кадырбеков билдирди.

Ал мамлекеттик бейтапкана жана ооруканаларда лабораториялар жоктугунан, дарыгерлер бейтаптардын бардыгын жеке менчик дарт аныктоочу жайларга жөнөтүп жатканын айтты.

“83 жаштагы киши менен сүйлөшүп калдым. Ал анализ тапшыруу үчүн менчик клиникага барарын, ал жерде 5 миң сомдой чыгым болорун айтты. Андан кийин дарыгерге келсе, ал дарылардын узун тизмесин жазат экен. Ал дагы бир топ акча. Кайра ооруп калса кайра эле мурдагы анализи жарабай лабораторияга, дарт аныктоо жайларына жөнөтөт”, — дейт депутат.

Нуржигит Кадырбеков менчик клиникаларда томография 4 -7 миң сом өлчөмүндө, ал эми анализдер 250 сомдон өйдө экенин белгиледи.

“Анализдин 174 түрү бар экен. Текшерип көрсөңүз, медиктер сүйлөшүп, «доляга» олтуруп алгандыктан менчик клиниканаларга багыттап жатышат. Мындай баалар менен пенсионерлер, киреше таппаган жарандар кантип медициналык жардам алышат?”, — деп сурады ал.

Саламаттыкты сактоо министрлиги Алымкадыр Бейшеналиев 70тен ашкандарга мамлекеттик ооруканаларда дарылануу жана анализ тапшыруу бекер экенин айтты.

“Анда ошол бекер ооруканалардын дарегин, тизмесин бергиле”, — деп суранды депутат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>