Майлуу-Сууда 65 жаштагы адам ур-токмоктон каза болгон. Шектүү кармалды

Майлуу-Сууда 65 жаштагы адам ур-токмоктон каза болгон. Шектүү кармалды

Жалал-Абаддын Майлуу-Суу шаарында эки тааныштын чыры адам өлүмү менен аяктаган. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалым болгондой, 6-февралда болжол менен саат 18:00до милицияга шаар тургуну чалып, 65 жаштагы жаран белгисиз себептер менен каза болгонун билдирген.

Бул окуя милицияда каттоого алынып, маркумдун өлүмүнүн себебин аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Анын жыйынтыгы маркум ур-токмоктон каза болгонун көрсөткөн.

Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренесине (ден соолукка оор залал келтирүү) ылайык кылмыш иши козголгон.

Ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында шектүү катары 51 жаштагы Б.З. аттуу жаран кармалып, тергөө аяктаганча 2 айга камакка алынган.

Милициянын маалыматы боюнча, шектүү тергөө учурунда билдиргендей, ал маркум менен ичимдик ичип отуруп, пикир келишпестиктен сабап салган.

Учурда тергөө амалдары жүрүүдө.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>