Астролог Камчыбек Ташиев үчүн февраль айы кооптуу экенин айтты

Астролог Камчыбек Ташиев үчүн февраль айы кооптуу экенин айтты

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев үчүн 2023-жылдын февраль айы кооптуу болот. Бул тууралуу 23 жылдан бери жылдыздарга байкоо жүргүзүп келген астролог Жанар Кадыралиев блогер Назира Айтбекова менен курган маегинде билдирди.

Жанар Кадыралиев астрологиялык төлгө боюнча жалпы кыргызстандыктар үчүн жаңы 2023-жыл кандай болорун, кайсы саясатчылардын жылдызы жанары тууралуу айтты. Ал Камчыбек Ташиев тууралуу айтып жатып, февраль айы ал үчүн кооптуу экенин белгиледи.

«Камчыбек Ташиев эртең менен саат 05:46да туулган. Анын саясий аренасында кооптуулуктар бар экенин астрология илимдеринен көрсө болот. Ал өзү жакшы адам болгону менен эмоциясын кармай албай, тилин башкара албай калат. Ал тилинен, сөзүнөн этият болбосо, ден соолугу, жумушу жагынан жабыркап калышы мүмкүн.

Камчыбек Ташиев үчүн февраль айы кооптуурак. Ал январь, февраль, март, апрелге чейин созулущу мүмкүн. Кооптуу дегенимдин себеби ал ден соолугу же кызматы жагынан жабыркайт. Ага өзүнүн эле кесиптештери тарабынан бут тосуулар болушу мүмкүн», — деди астролог.

 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

 

Публикация от REPORTER.KG (@reporter.kyrgyz)

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>