Бишкек ЖЭБде күнүнө канча көмүр жагылары айтылды

Бишкек ЖЭБде күнүнө канча көмүр жагылары айтылды

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Бишкек шаарынын ЖЭБинин учурдагы иштөө режими менен таанышты. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

“Электр станциялары” ачык акционердик коомунун башкы директору Осмон Качкынбаев, Бишкек шаарынын ЖЭБинин от казандары жана башка жабдуулары толук кандуу иштеп жаткандыгы жөнүндө маалымат берди.

Учурда ЖЭБде 100,4 миң тонна көмүрдүн кору бар. Күнүмдүк керектөөсү 6,5 миң тоннага чейин жетүүдө. ЖЭБге күнүнө жергиликтүү жана сырттан 7,0 миң тоннанын тегерегинде көмүр ташылып  келүүдө.

Маалымат менен жеринде таанышкан Бакыт Төрөбаев Энергетика министрлигине өлкөнүн бардык аймактарындагы кампалар жетиштүү деңгээлде көмүр менен камсыздалып жатканын жана анын баасын дыкат көзөмөлгө алуу тапшырмасын берди.

Өкмөт энергетиктерге суук аба ырайына даяр болууну эскертти  

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>