ДКО: көк бөрү жана көк парга кире албагандар билеттин акчасын кайтарууга 20-сентябрга чейин билдирме бериши керекЧыңгыз Ахматов Кыргызстандын башкы прокурорунун биринчи орун басары болуп дайындалдыЖогорку Кеңештин 2025-жылдагы бюджети дээрлик 72 пайызга көбөйгөнЕАЭБде жыгачтан жасалган таңгактоочу материалдар үчүн фитосанитардык сертификат талабы алындыКыргызстандын мугалимдери түрк элдеринин тарыхы боюнча эң акыркы маалыматтарды алышты«Рубеж-2026»: башкы катчынын орун басары Тургунбеков аймактагы татаал кырдаал тууралуу билдирди
Экс-депутатка тийиштүү пансионаттын саркынды суулары көлгө агууда
28.07.2022 | 16:54
Ысык-Көл районунун Бостери айылында жайгашкан “Асыл-Таш” жана “Би-Транс” пансионаттарынын саркынды суулары көлгө агууда. Бул тууралуу жергиликтүү тургундар билдиришти.
Алардын айтымында, эс алуучу жайлардын саркынды сууларды тазалоочу курулмасы толуп, суулар ташып жатат.
“Саркынды сууларды топтоочу жай толгондон кийин, алар сууларды сордуруп, токойдун арасына куюп жатышат. Андан ары суулар көлгө куюлуп жатат”, – дешти алар.

Белгилей кетсек, “Би-Транс” пансионаты Жогорку Кеңештин экс-депутаты Жаныш Кудайбергеновго таандык.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом