Ат-Башыда 250 орундуу мектеп пайдаланууга берилди

Ат-Башыда 250 орундуу мектеп пайдаланууга берилди

Нарын облусуна караштуу Ат-Башы районундагы Большевик айылында А.Табылдиев атындагы орто мектебинин 225 орундуу жаңы курулган имараты ишке берилди. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка караганда, буга чейин окуучулар мектептин авариялык абалдагы эски имаратында эки смен менен окуп келишкен.

Мектептин курулушу 2020-жылы Сауд өнүктүрүү фондунун каржылоосу менен башталган.

“2023-жылв президенттин курулушу көпкө созулган социалдык объектилерди бүткөрүү тапшырмасынын негизинде аталган орто мектептин курулушу да тездетилип, жаңы жыл алдында айыл элине белек кылынды”, — деп айтылат маалыматта.

Мектептин ачылыш аземине президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Эргешов, Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Эмилбек Абдыкадыров жана район, айыл тургундары катышты.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>