Сузак РИИБге 12 унаа тапшырылды

Сузак РИИБге 12 унаа тапшырылды

Бүгүн, 2-январда УКМКнын төрагасы, генерал-лейтенант Камчыбек Ташиев Сузак райондук ички иштер бөлүмүнө 9 “Шевроле Кобальт”, 1 “Мерседес Спринтер”, 2 “Лада Нива” үлгүсүндөгү автоунаалардын ачкычтарын тапшырды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынан билдиришти.

Унааларды тапшыруу аземине УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев, президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев, Жалал-Абад ОИИБдин башчысы милициянын полковниги Жеңишбек Абитов, Сузак РИИБдин башчысы, милициянын полковниги Арстанбек Усанов, ички иштер органдарынын ардагерлери катышышты.

Камчыбек Ташиев 12 автоунаа президент Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык Сузак РИИБге берилип жаткандыгын айтты.  Ошондой эле өздүк курамды жаңы жылы менен куттуктап, бул жылы Сузак милициясына жаңы имарат салынаарын кошумчалады.

Белгилей кетсек жаңы жеңил автоунаалар аймактык милиция бөлүмчөлөрүнө, райондук ЖКККБга, “Мерседес Спринтер” Сузак РИИБдин убактылуу кармоочу жайына берилди.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>