Ат-Башыда “тазалыкчылар” менен айыл өкмөт чырдашууда

Ат-Башыда “тазалыкчылар” менен айыл өкмөт чырдашууда

Нарын облусундагы Ат-Башы айыл өкмөтү менен “Көрктүү аймак” муниципалдык ишканасынын кызматкерлерине айыл өкмөт башчысы Азим Аалиев кысым көрсөтүп, кууп жатат деген айыптоолорун айыл өкмөт четке какты. Ал айыл өкмөт башчысы Азим Аалиев Reporter.kg′ге берген жообунда, ал кызматкерлерге кысым кылбаганын айтты.

“Ушул тапта нааразы тарап укук коргоо органдарына кайрылган экен. Бул даттанууларды атайын комиссия келип текшерип чыгат. Бул боюнча укук коргоо органдары текшерип чыксын, андан соң гана комментарий бере алам. Алдын-ала айтып коёюн, кысым кылган эмесмин”

Андан соң айыл өкмөттүн балансындагы оор техникаларын акысыз пайдаланып жатат деген дооматтарына да жооп кайтарды.

“Техникаларды колдонгонум чын, бирок, алардын акча төлөгөм. Бекер иштешкен жок. Бул боюнча банкка акчалар төгүлгөн. “Көрктүү аймак” муниципалдык ишканасынын жетекчиси Даниэл Сулайманов эсептеп берет”

Ат-Башыда “тазалыкчылар” иш таштады

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>