Кыргызстанда +43 градуска чейин аномалдуу ысык күтүлөт — Саламаттык сактоо министрлигинин сунуштарыБишкекте «Цивилизациялардын диалогу» алкагында ШКУ өлкөлөрүнүн кызматташтыгын өнүктүрүү талкууландыШКУ саммити жана Көчмөндөр оюндарынын коопсуздук штабы 24/7 режиминде иштейтЕвропаны жаңы аптап капташы мүмкүн: БУУ Эль-Ниньо кубулушунун кайтып келишинен эскертетЭмгек министрлиги: Иш берүүчүлөр 8,4 миң бош жумуш ордуна кызматкерлерди издеп жатышат«Ак илбирс ЭкоФест 2026» — Кеминде экологиялык фестиваль өттү
Ат оюндарынан Камил Сабитов алтын жеңди
02.11.2021 | 09:33
28-октябрдан 31-октябрга чейин Орусиянын Москва облусунда Евразия Лигасынын Дүйнө чемпиондугунун финалы, ошондой эле бүткүл россиялык “Максима Парк Кубогу” турниринин финалы болуп өттү. Орусия, Казакстан, Кыргызстан жана Өзбекстандын чабандестери күч сынашты.
Кыргызстандык Камил Сабитов Куинтендро аты менен Кыргызстандын намысын коргоду. Ал “Максима Парк Кубогунун алтын айлампасында” эки медалга ээ болду. Алтын (125 сантиметр бийиктиктеги тоскоолдуктар менен мелдеште) жана күмүш (120 сантиметр). “Максима Парк Кубогунун Алтын Айлампасынын” абсолюттук чемпиондугунда ал жетинчи болуп алдыңкы ондукка кирди.
Рубрики: Жаңылыктар, Спорт