«Ата Журт» кайрадан «Республика» менен биригеби? Ташиевдин жообу

«Ата Журт» кайрадан «Республика» менен биригеби? Ташиевдин жообу

«Ата Журт» партиясынын лидери  Камчыбек 2020-жылы өтө турган парламенттик шайлоого “Республика” менен бирге барышы мүмкүн. Бул тууралуу ал “Азия Ньюс” гезитине берген маегинде айтып, учурда сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын белгилеп өткөн.

Ата Журттун жалгыз өзү барары кыйын. Мүмкүн ошол эле «Республика – Ата Журт»  кайра эле  барат, бул маселени жакында чечебиз. Анын үстүнө Өмүрбек Бабанов да келип калды. Жакындан сүйлөшүп, баарлашып атабыз. Ал эми Өмүрбек Бабанов «Азырынча саясатка кайтпайм» деп катуу позициясын карманып турат. Турмуш ар кандай өзгөртүүлөрдү киргизиши мүмкүн,” – деп жазылат гезитте Ташиевдин пикири.

Маалыматты саясатчынын өз оозунан тактоо үчүн Reporter.kg Камчыбек Ташиевдин менен байланышып көрдү. Ал кабарчыбыздын суроолоруна жооп берип жатып, жогорудагы маалыматты тастыктаган да четке каккан да жок.

“Мен сизге азыр эч нерсе деп айта албайм. Журналисттер дагы эмне деп жазып салышты экен, адегенде гезитти окуп чыгышым керек”, — деди Ташиев.

Жакында эле Ташиев «Азаттык радиосуна» берген маегинде кийинки шалоого “Ата-Журт” өзүнчө катышарын,  “Республика” менен биригүүдөн эч кандай пайда көрбөгөнүн айтып өткөн.

Белгилей кетсек, 2010-жылкы парламенттик шайлоодо “Ата-Журт” партиясы биринчи орунду алган.

Ал эми 2015-жылы «Республика» жана «Ата-Журт» партиялары парламенттик шайлоого биргеликте барып, экинчи орунду алган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>