Садыр Жапаров COP17 саммитинде Ысык-Көлдү коргоо боюнча трасттык фонд түзүүнү сунуштадыКыргызстанда чет өлкөлүк номерлүү унаалардын кирүү эрежелери өзгөртүлдү — толук маалыматОш шаарында «Сулайман-Тоо» эл аралык кинофестивалы өтөт2027-жылдан тарта Кыргызстанда сотто өкүлчүлүк кылуу үчүн юристтерге окуудан өтүү талабы коюлатКытай Кореядан озуп кетти: Кыргызстанга эми кайсы унаалар көбүрөөк ташылып жатат?Бактыбек Анаркулов Суу ресурстары кызматынын директору болуп дайындалды
Атамбаев ИИМдин сурагына экинчи ирет барбайт
11.07.2019 | 11:02
Экс-президент Алмазбек Атамбаев экинчи ирет Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматына суракка чакырылды.
Атамбаев бүгүн, 11-июлда саат 10го күбө катары чакырылган. Чакырууну милиция кызматкерлери Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүнө алып барып, КСДПнын юристи Нурбек Касымбековго беришкен.
Ал эми мурдагы президенттин жактоочусу Сергей Слесарёв бул ирет да Атамбаевди суракка чакырууда мыйзам бузуу болгонун айтып, суракка барбай турганын билдирди.
Слесарёв Атамбаевди 8-июлда ИИМдин Башкы тергөө башкармалыгына күбө катары суракка чакыртылган боюнча мыйзам бузуу болгонун ырастаган кат жөнөткөнүн айтты.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат