Атамбаевдин Батукаев боюнча иши райондук сотко келип, судья дайындалды

Атамбаевдин Батукаев боюнча иши райондук сотко келип, судья дайындалды

Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге карата буга чейин чыккан өкүмдү жокко чыгаруу боюнча иш Биринчи май райондук сотуна келип түштү. Маалыматты Reporter.kg басылмасына райондук соттун басма сөз кызматы тастыктады.

Ишти Атамбаевдин Кой-Таш айылындагы жер тилкесин сатып алуудагы коррупция маселеси боюнча ишти караган судья Мирлан Термечиков карайт.

Бирок соттук отурум кайсы күнгө белгиленери азырынча айтылган жок.

Жогорку сот мурдагы өкүм жана чечимдердин барын жокко чыгарып, ишти 30-ноябрда райондук сотко жиберген.  Ушул эле күнү жактоочу Замир Жоошев  Атамбаевди абактан бошотуу боюнча райондук сотко кайрылуу жиберген.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге карата бир адамдын өмүрүн алган Кой-Таш окуялары боюнча дагы бир соттук иштер аягына чыкпай келет.

Жакынкы күндөрү Алмазбек Атамбаев эркиндикке чыгары тууралуу маалымат биздин басылмага өздүк булактарыбыздан келип түшкөнүн боюнча буга чейин жазганбыз.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>