Жапаров: Текебаевдин Баш мыйзамы менен 30 жыл артка кеттик

Жапаров: Текебаевдин Баш мыйзамы менен 30 жыл артка кеттик

Президенттик шайлоого катышуу үчүн премьер-министрлик кызматын убактылуу токтоткон Садыр Жапаров 10 жыл мурун жазылган Конституция боюнча өзүнүн пикирин “Фейсбук” баракчасына жазды.

Ал учурда иштеп жаткан Баш мыйзамды Текебаевдики деп атап, аны жеке кызыкчылык үчүн жазылганын айтты.

“Өмүрбек Текебаедин “Азаттык” радиосуна берген маегин көрдүм. “Садыр Жапаров сунуштап жаткан баш мыйзамдын долбоору боюнча 30 жыл артка кетебиз” дептир. Тескерисинче Текебаевдин Баш мыйзамы менен 10 жыл жашап, 30 жыл артка кеттик. Муну бүгүнкү жашоо-турмушубуз айдан ачык далилдеп отурат. Бир адамдын жеке кызыкчылыгы үчүн жазып алган Баш мыйзамы жалпы элдин, мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн иштебеси тастыкталды. Партиялык шайлоо менен келген парламенттик башкаруу системасы, Кыяз Молдокасымов агабыз айткандай, кызылдай эле бизнеске айланып кетти.

 Партиянын биринчи ондугуна кирген киши 1 миллион доллардан баштап, арты эки жүз миң долларга чейин берип, Жогорку Кеңешке депутаттык мандатты сатып алып, парламентке келип жатышты. Бул элдин баары билген кашкайган факт. Тагыраак айтсам, Жогорку Кеңешке ар бир орун 200 миң доллардан баштап, 1 млн долларга чейин сатылып калган. Эл дагы добуштарын сата баштады. Себеби Текебаев түзгөн башкаруу система ушул абалга алып келди. Биз бул балээни жок кылып жатабыз. Мындан ары добуш сатып алуу түп тамыры менен жок болот.

Добуш сатып алган депутат кантип эл үчүн иштейт? Тескерисинче, шайлоодо короткон акчасын беш жыл бою толуктап эле тим болбостон, аны эки-үч эсе көбөйтүп алуунун жолун издейт. Муну он жылдан бери көрүп келатабыз го. Ошондуктан мамлекетти жок кылууга алпара турган бул системаны сындырып, бир кишинин эмес, бүткүл элдин, мамлекеттин пайдасына иштей турган Баш мыйзам түзүп кетели.

Бул Баш мыйзам беш-он жыл сайын алмашылбаган, керек болсо жүз жыл бекем иштеген Баш мыйзам болсун деп жатабыз. Албетте, жашоо-турмуш өзгөрүп турат. Ошондо да кайра-кайра эле Баш мыйзам өзгөртөбүз деп эки жаат болуп кайым айтыша бербей, майда-чүйдө эрежелерди конституциялык мыйзамдар менен жөнгө салып туралы деп жатабыз.

2010-жылдагыдай азчылык «силер кимсиңер, силер эч ким эмессиңер»д ебестен, аялдардын, жаштардын да укуктуу кызыкчылыктарын камтып, парламентке депутаттар 35 можаритардык, 55 пропорционалдык шайлоо менен келишсин деп атабыз. Адам укуктарын коргоону күчөтөлү, сөз эркиндигин да катуу коргогон нормаларды киргизгиле деп жатабыз”, – деп жазган ал.

Белгилей кетсек, 80 депутат демилгечи деп көрсөтүлгөн Баш мыйзамдын жаңы долбоору 17-ноябрда коомдук тулкууга чыккан. Жаңы долбоордо президенттин ыйгарым укуктары көбөйүп калганы үчүн бир катар саясатчы жана жарандык коом өкүлдөрүнүн сынына кабылган.

Көп өтпөй Конституциянын долбоору талкууланып, сунуш пикирлер менен толуктоо үчүн Конституциялык кеңешме түзүлүп, анын курамына жлпы 98 адам кирген.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>