Атазовдун шайлоо штабынын башчысы кармалганы кабарланды

Атазовдун шайлоо штабынын башчысы кармалганы кабарланды

Жогорку Кеңештин депутаты Шайлообек Атазовдун шайлоо штабынын жетекчиси Кеңешбек Жумабаев кармалды. Бул тууралуу Reporter.kg’ге  өздүк булактар билдиришти.

Маалыматка караганда, Кеңешбек Жумабаевди укук коргоо органдары кармап кеткен. Андан тышкары, эл өкүлүн жардамчылары дагы суракка чакырылып жатат.

Укук коргоо органдары Кеңешбек Жумабаевдин кармалганын ырастай элек.

Кеңешбек Жумабаев 2013-жылы Ысык-Көл облусунун мурдакы жетекчиси Эмилбек Каптагаевдин ишине байланыштуу кармалган. Анда анын IV чакырылыштын депутаты Садыр Жапаровдун жардамчысы экендиги айтылган.

Белгилей кетсек, кечээ УКМКнын жетекчиси Камчыбек Ташиев маркум кримтөбөл Камчы Көлбаев менен бирге бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун «мафиясы» жок кылынарын айткан.

Шайлообек Атазов Райымбек Матраимовду ачык колдоп келген депутаттардан. Ал мурдагы бажы кызматкерин колдоо митингине дагы катышкан.

Reporter.kg’нин өздүк булактарынын билдирүүсүндө, парламенттин төрт депутатын Райымбек Матраимов менен байланыштырат.

Ташиев: Мындан ары мамлекетибизде Көлбаев, Матраимов деген мафия болбойт (видео)

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>