«Жумуш орун түзүлүп, экономика өсүп». Шакиев мигранттар өлкөгө кайта баштаганын айтты

«Жумуш орун түзүлүп, экономика өсүп». Шакиев мигранттар өлкөгө кайта баштаганын айтты

Акыркы жылда Россиядагы кыргыз мигранттарынын саны 200 миңге азайды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев II Элдик курултайда билдирди.

Анын пикиринде, жарандар жумуш орундарды четтен эмес Кыргызстандан таап, мекенинде иштеп жатышат.

“Акыркы 20 жылда мигранттар жыл сайын 2 миллиард долларга жакын акча жөнөтүп турушчу. Эми биз аларга кам көрүп, бага турган мезгил келди. Мамлекеттик органдардын эсебинде Россиядагы кыргыз мигранттардын саны 200 миңге азайды. Алардын баары эле Кыргызстанга кайткан жок, Европа жана башка мамлекеттерге кеткендери дагы бар. Өлкө бутка туруп, экономика өсүп, жумуш орундар пайда болуп, эмгек акылар көбөйгөндүктөн  мекенине кайтып келип жатышат. Дарыгерлер, мугалимдер кайра өз ишине орношууда”, — деди ал.

Нурланбек Шакиев Мамлекеттик ипотекалык компаниясы куруп жаткан үйлөрдүн басымдуу бөлүгүн мигранттарга берүүнү сунуштады.

Төраганын маалыматында, 88 миң баланын ата-энеси чет өлкөдө иштеп жүрөт. «Биз аларга кам көрүшүбүз керек. Парламентте бул жаатта мыйзам долбоор бар», — деп кошумчалады ал.

Тактап кетсек, Эмгек жана миграция министрлигинин маалыматында, акыркы үч жылда 25,7 миң жаран чет өлкөгө жумушка жөнөтүлдү. 2023-жылы 13 миң кыргызстандык мамлекеттик органдар аркылуу расмий түрдө чет мамлекеттен иш тапкан.

Үч жылда 25,7 миң жаран чет өлкөгө жумушка жөнөтүлдү

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>