Депутат автожолдо мал айдап өтүүгө тыюу салуу сунушун сынга алды — видео

Депутат автожолдо мал айдап өтүүгө тыюу салуу сунушун сынга алды — видео

Транспорт министрлиги автожолдордо мал жаюуга жана мал айдап өтүүгө тыюу салууну сунуштоодо. Бул тууралуу парламенттин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш комитетинин отурумунда депутат Исхак Масалиев билдирди.

Комитеттин жыйында министрлер кабинетинин «Автомобиль жолдору жөнүндө» мыйзам долбоору депутаттарга сунушталган.

Депутат мыйзам долбоорундагы сунушталып жаткан айрым эрежелерди сынга алды.

«Автожолдо мал жаюуга тыюу салынат дейт. Жолго мал жайган адамды ким көрдү эле? Автожолдон кум казып алганга тыюу салынат деп турат. Бул эмне деген сөз? Жолдун жээгинде соода кылууга тыюу салынары айтылыптыр. Жолдун жээги деген түшүнүк каякта? Бул мыйзамды көчүрүп алып келгенсиздер. Окуган да эмессиздер. Жыгач кыртыштуу жолдордо от жагуу, тамеки чегүүгө салынат деп жазылыптыр. Каяктагы норма бул. Бизде кайсы автожолдо жыгач салынган», — деди ал.

Ошондой эле ала мыйзам долбоорундагы малды автожол менен айдап өтүүгө тыюу салынат деген норманы да сынга алды.

«Кыргызстанда бардык айылдарынды малды жол менен айдап өтүшөт. Анда мал айдап өткөнгө жер алдынан өтмөк салып бергиле. Сиздер тыюу салынат деп жазсаңыздар формачан кесиптештер (жол милициясы – ред.) «уйларды айдаба, айып пул салам же башка жолу бар» деп жолго туруп алат. Менин сушунум бул мыйзамды чакыртып алып, иштеп чыгып, толуктагыла. Адистерди, тилчилерди чакыргыла», — дед ал.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>