Аялын сабап, тоокканага камап койгон кишиге сот өкүм чыгарды

Аялын сабап, тоокканага камап койгон кишиге сот өкүм чыгарды

Сузак районунда жергиликтүү тургун аялын сабап, тоокканага камап койгон. Сот бул боюнча чечим чыгарганын Жалал-Абад облустук “Адилеттүулүк” укук коргоо уюмунан билдиришти.

Маалыматка караганда,  ушул жылдын 2-майында 30 жаштагы Н.Э. аттуу тургун аялын сабап, анын эки тишин түшүрүп, чачынан сүйрөп, ур-токмокко алган. Аялдын айтымында, күйөөсү буга чейин деле сабачу жана тоокканага дагы камаган учурлар болгон, бирок ал баарына чыдап келген.

Акыркы жолу күйөөсү аны кайрадан тоокканага камап, оозун скотч менен байлап койгондо, ал ата-энесинин үйүнө качып кеткен. Андан соң милицияга арыз менен кайрылган.

Соттук-медициналык экспертиза ур-токмок фактысы болгонун тастыктаган.

Сузак райондук соту айыпталуучуну 15-июнда күнөөлүү деп таап, аны 20 миң сом айыпка жыккан. Ал ошондой эле аялына моралдык зыян келтиргени үчүн 20 миң сом компенсация төлөп берүүгө милдеттендирген.

“Адилеттүүлүк” уюмунун жактоочусу Равшан Абдуллаев үй-бүлөлүк зомбулуктун курмандыгын коргоп жатып, тергөө жүргүзүлүп, сот тарабынан өкүм чыгарылганына канааттанганын айткан. Ал ошондой эле, мындай зомбулуктун жазасыз калуусуна жол берилбеши керек деп эсептейт.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: зомбулук

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>