Июнда мамкарызды тейлөө эки эсеге көбөйөт

Июнда мамкарызды тейлөө эки эсеге көбөйөт

Бул айда Кыргызстандын мамлекеттик карызды тейлөөгө сарптоосу май айына салыштырмалуу эки эсеге көбөйөт. Мындай тыянактарды Каржы министрлиги жарыялаган маалыматтарда айтылат.

Алсак, май айында тышкы жана ички кредиторлордун алдындагы мамлекеттик милдеттенмелерди төлөө 1 миллиард 546 миллион 47,4 миң сом өлчөмүндө пландаштырылган болсо, июнь айында бул чыгымдарга 3 миллиард 158 миллион 278,6 миң сом каралган.

Май айында Кыргызстан мамлекеттик карызды тейлөөгө эң аз каражат жумшаса, эң көп төлөмдөр апрель айына – 4 миллиард 373 миллион 842,2 миң сомго түштү.

Үстүбүздөгү жылдын апрель айынын соңуна карата Каржы министрлиги тарабынан жарыяланган акыркы маалыматтарга ылайык, Кыргызстандын мамлекеттик карызы 5 млрд 92,2 млн долларды же болжолдонгон ИДПнын 58,58% түздү.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>