Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгына арналган алтын монета жүгүртүүгө чыктыБишкекте көчөдөн ток урган 9 жашар бала каза болдуБишкекте кытайлык сүрөтчүлөр катышкан «Айыл» эл аралык сүрөт көргөзмөсү ачылат3-августка карата аба ырайы: +39°C чейин ысык болуп, айрым аймактарда жаан жаайтЫсык-Көлдө кайрадан «Салбуурун» фестивалы өттүШвециялык Йонас Андерссон Ысык-Көлдө өткөн суудагы «Формула-1» жарышынын квалификациясында жеңишке жетти
Аялынын телефонун текшерүүгө чакырган аалымдын сөзү талаш жаратты (видео)
18.04.2024 | 17:50
Диний аалым Фархад Юсупов эркектерди аялынын телефонун текшерип турууга чакырды. Анын видеосу социалдык тармакта жарыяланды.
Анын пикиринде, күйөөсү жубайынын социалдык тармактагы баракчаларын жана телефондук байланышын көзөмөлдөөгө милдеттүү.
“Эркектин азыркы учурдагы эң чоң милдети. Жумасына бир жолу телефонун текшерип туруу керек. Бирок аны кокустан жасабайт, алдын ала кайсы күнү карап чыгарын айтып коет”, – дейт Фархад Юсупов.
Анын айтымында, инстаграм, ТикТоктун айынан үй-бүлөлөр бузулуп жатат.
“Эмнеге бузулуп жатат? Контроль жок”, – дейт ал.
Социалдык тармактын колдонуучулары маркум Чубак ажы Жалилов тескеринче, аял менен эркектин ортосунда ишеним болуп бири-бирин текшербөөгө чакырганын жазышууда.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом