Видео: Кыргыз-казак чек арасы жакта унаалар топтолуп калды. Себеби айтылды

Видео: Кыргыз-казак чек арасы жакта унаалар топтолуп калды. Себеби айтылды

Чүй облусунда кыргыз-казак чек арасы жакта жүк ташуучу унаалар узун кезекте турат. Бул тууралуу Reporter.kg’ге окурмандар билдирди.

Алардын айтымында, айланма жолдон Кант шаарына бурулган жолдо жүк ташуучу унаалар узундугу 3 чакырымга созулган кезекте турат.

«Жүк ташуучу унаалар узун кезекте турат. Канча унаа экенин так айта албайбыз. Бирок кезектте турган унаалардын узундугу 3 чакырымга чейин жетет. Себеби эмне болду экен?», — дейт окурман.

Бул боюнча Reporter.kg’ге Чек ара кызматы «Ак-Тилек — унаа жолу» өткөрмө бекети жакта жүк ташуу унаалар топтолуп турганын ырастап, ал Казакстандагы аба ырайына байланыштуу экенин билдирди.

«Ал Казакстандагы аба ырайынын начар болгондугу менен байланыштуу. Ал жакта бороон болуп, жолдор тайгак. Айрым айдоочулар өздөрү токтоп, аба ырайынын жакшырышын күтүшүүдө. Болжол менен 190го жакын унаа турат. Биз штаттык тартипте иштеп жатабыз. Буга чейин казак тарап аларда аба ырайы начар болуп жатканын билдирген», — деп кабарлады Чек ара кызматы.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>