Азия кубогу: Кыргызстан 1/8 финалга өтүүсүнө жол ачып берген Индонезия 4:0 эсебинде жеңилди

Азия кубогу: Кыргызстан 1/8 финалга өтүүсүнө жол ачып берген Индонезия 4:0 эсебинде жеңилди

Катарда өтүп жаткан футбол боюнча Азия кубогунда 28-январда 1/8 финалдагы оюндар башталды. Ал күнү Австралия менен Индонезия жана Тажикстан менен Бириккен Араб Эмираттары ойноду.

Биринчи Австралия менен Индонезиянын оюну өтүп, “кенгуру футболчулар” аталган австралиялыктар атаандаштарын 4:0 эсебинде жеңди. Ошентип Австралия чейрек финалда ойной турган болду.

Белгилей кетсек, Индонезиянын плей-офф же жыдымай деп аталган баскычка чыгуусуна Кыргызстан “жол ачып берген”. 25-январда Кыргызстан менен Омандын өз тайпасындагы акыркы оюну өткөн. Ал беттеш аталган эки курама үчүн гана эмес, Индонезия үчүн да “тагдыр чечүүчү” оюн болгон. Кыргызстан 2 гол айырмасы менен жеңишке жетсе же Оман “ак шумкарларды” 1:0 эсеби менен утса, жеңген команда тайпадан чыгып, Индонезия мелдештен четтемек. Бирок Кыргызстан менен Омандын беттеши 1:1 эсебинде тең чыгуу менен аяктагандыктан, эки команда жетиштүү упай ала албай, 1/8 финалда ойноодон кур калган. Ошол эле учурда Индонезиянын тайпадан чыгуусуна жол ачылган. Мындан улам индонезиялыктар Кыргыстандын курамасына, Оман менен беттеште гол киргизген Кожо Жоелге жана дарбазада мыкты ойногон Эржан Токотаевге соцтармактар аркылуу ыраазычылыктарын билдирген.

Ал эми Тажикстан менен Бириккен Араб Эмираттарынын оюну тууралуу айтсак, эки команданын оюну кызуу өттү. Беттештин 30-мүнөтүндө Тажикстан 1 топ киргизип, эсеп 90 мүнөт аяктаганча өзгөргөн жок. Бирок кошуп берилген убактытта (95-мүнөттө) БАЭ эсепти теңеп кетти. Ошентип курамалар кошумча 30 мүнөт ойноп, бирок анда да эки тарап тең гол киргизе алган жок. Жыйынтыгында эки команданын тиреши пенальтилер сериясы менен аяктады. Анда Тажикстан 5:3 эсебинде жеңишке жетип, чейрек финалга өттү.

Кыргызстан менен болгон оюндан кийин Омандын машыктыруучусу кызматтан алынды

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>