Жогорку Кеңештин төрагасы легендарлуу сумочу Хакухо Се менен жолуктуМонголиянын президенти Кыргызстанга ШКУ саммитине жана Көчмөндөр оюндарына катышуу үчүн келдиМилиция «Мадина» базарындагы өрттөн кийин камералардагы жазууларды изилдедиСи Цзиньпин Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келди«Ильшат» коомдук фонду Бишкекте гепатологиялык борбор курат«Мадина» базарындагы өрттү өчүрүү учурунда эки өрт өчүрүүчү жабыркады
Азия оюндары: Дагы бир кыргыз боксчу чейрек финалга чыкты
29.09.2023 | 09:00
Кыргызстандык боксчу Нуржигит Дүйшөбаев Кытайдын Ханчжоу шаарында өтүп жаткан Азия оюндарынын чейрек финалына чыкты. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
Спортчу 51 кг салмакта күч сынашууда.
Бокс боюнча мелдеш 24-сентябрда башталып, Нуржигит Дүйшөбаев 1/16 финалдагы биринчи беттешинде иорданиялык спортчуну жеңген.
28-сентябрда 1/8 финалда ал афганистандык мушкер менен беттешип, атаандашы жеңилүү ызасын тарткан.
Эскерте кетсек, буга чейин 63 кг салмакта беттешкен Аскат Култаев чейрек финалга чыккан.
Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз