«Бузулбас боордоштук-2023». Тажик аскерлери Кыргызстанга келди

«Бузулбас боордоштук-2023». Тажик аскерлери Кыргызстанга келди

Тажикстандын  Куралдуу күчтөрүнүн аскердик контингенти Жамааттык коопсуздук боюнча келишими уюмунуна (ЖККУ) мүчө өлкөлөрдүн  «Бузулбас боордоштук-2023» биргелешкен машыгуусуна катышуу үчүн Кыргызстанга келди. Бул тууралуу Коргоо министрлиги кабарлады.

Тажик аскерлери Кант шаарындагы авиабазага конуп, Балыкчыга жөнөп кетишти.

Коргоо министрлигинин маалыматында, машыгууга Беларусь, Казакстан, Россиянын аскерлери дагы катышат. «Бузулбас боордоштук-2023» 9-13-октябрда Балыкчыдагы «Эдельвейс» окуу борборунда өтөт.

Министрлик машыгуу «Тынчтыкты сактоочу операцияны даярдоо жана жүргүзүү» деп аталып, өздүк курамдардын тажрыйбасын өркүндөтүүнү көздөрүн белгилейт.

Белгилей кетсек, былтыры Кыргызстан октярь айына пландалган ЖККУнун «Бузулбас боордоштук-2022» аскердик машыгуусун өз аймагында өткөрүүдөн баш тарткан. 14-17-сентябрда  Тажикстандын агрессиясынан кийин Жогорку Кеңештин депутаттары  тажик аскерлерин машыгууга катыштырбоону талап кылышкан.

Кыргызстандын Куралдуу күчтөрү 2022-жылдын 11-октябрында Тажикстанда өткөн «Рубеж-2022» аскердик машыгуусуна дагы катышкан эмес.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>