Өмүрбек Бабанов ресторанга элди чакырып куран окутту

Өмүрбек Бабанов ресторанга элди чакырып куран окутту

Бишкектеги “Кайнар” ресторанында “Республика” партиясынын мурдагы төрагасы Өмүрбек Бабанов эжесине куран окутту.

Kaktus.media сайтынын маалыматына караганда, ресторанга жогорку кызматтагы адамдар жана саясатчылар келген.

Аталган сайт жарыялаган видеодо, журналистти белгисиз бир адам ресторандын аймагына жакын жолотпой, анын ишине тоскоолдук жаратканын көрүүгө болот.  Видеого Жогорку Кеңештин депутаты Аалы Карашев дагы түшүп калган.

Reporter.kg  басылмасынын кабарчысы Аалы Карашев менен байланышканда, ал ресторанда куран окутулуп жатканын ырастап, бирок канча адам жана кимдер келгендиги тууралуу маалымат берүүдөн баш тартты.

Белгилей кетсек, Өмүрбек Бабановдун бир тууган эжеси Эркайым Бабанова 8-апрель күнү Тараз шаарында каза болгон.

Коронавируска байланыштуу Бишкекте 50дөн ашык адамга кызмат көрсөткөн ресторан-кафелердин иштөөсүнө тыюу салынган.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>