Бишкекте милиция медициналык тез жардам керек болгон кызды ооруканага жеткирди (видео)

Бишкекте милиция медициналык тез жардам керек болгон кызды ооруканага жеткирди (видео)

Бишкекте ИИМдин Академиясынын кызматкерлери жана курсанттары медициналык тез жардамга муктаж болгон кыз кишини ооруканага жеткирди. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, 13-октябрда КМШ саммитине байланыштуу Чүй менен Турусбеков көчөсүндө тартипти карап турган ИИМдин Академиясынын курсанттары жакынкы ашканага барышкан. Алар ашканага кирип, даараткананын эшигин ачканда, З. Борбашева аттуу кыз киши «Тез жардам чакырып берип койгулачы» деп айтып, кулап калган. Ошол учурда алардын жанына кыздын иниси келип, Тез жардамга чалган. Бирок Тез жардамдагылар саммитке байланыштуу жолдор жабылып жаткандыктан, кеч барып каларын, мүмкүн болсо, бейтапты жакынкы ооруканага жеткирүү керектигин айтышкан.

«Кыз кишинин оор абалын көргөн ИИМдин Академиясынын кызматкерлери менен курсанттары аны өздөрү жеткирүүнү туура көрүп, унаасы менен №1 шаардык ооруканага алып барып, дарыгерлерге өткөрүп беришкен. Анын иниси Арнал Борбашев өз учурунда көрсөткөн жардамы үчүн ИИМдин Академиясынын кызматкерлери менен курсанттарына ыраазычылык айтты», — деп билдирет ИИМ.

Медициналык жардам керек болгон З. Борбашевага көмөккө келип, ооруканага жеткиргендер ИИМдин Академиясынын күндүзгү бюджеттик эмес билим берүү факультетинин башчысынын орун басары, милициянын подполковниги Нурбек Токуров, 3-курстун курс башчысы, милициянын подполковниги Эрнист Шинеев, взводдун командири, милициянын улук лейтенанты Сагынбек Арунов, 34-взводдун курсанттары Ислам Жолдошбек уулу жана Бектур Эркинов болгон.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: ИИМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>