«Росатом» жана ОКӨФ КРде алгачкы шамал электр станциясын куруу боюнча келишимге кол коюшту«Росатом» Бостеридеги Кыргыз-Орус форумуна катышты«Дордой» конушундагы мушташтан кийин алты шектүү кармалдыБишкекте курулуш компаниясына 200 миң сом айып пул салынып, лицензиясы токтотулдуМинкаб Энергетика министрлигине күз-кыш мезгилине даярдыкты октябрга чейин аяктоону тапшырдыОштогу тергөө абагынын имараты музейге айланат
Байге фонду 3 миллион сом. Бишкек эл аралык кинофестивалы өтөт
17.10.2023 | 17:39
7-21-ноябрда Кыргызстанда биринчи жолу Бишкек эл аралык кинофестивалы өтөт. Бул тууралуу уюштуруучулар билдирди.
Фестивалдын алкагында эл аралык жана улуттук тасмалардын сынагы болуп, анда Кыргызстандан сегиз, чет өлкөдөн 10 фильм ат салышат. Жалпы байге фонду 3 миллион сомду түзөт.
Сынакка катышкан кинолорду 18-19-20-ноябрда көрүүгө болот. Андан сырткары, иш-чарада сапаттуу трейлерлерди жасоо жана актердук чеберчилик боюнча мастер класс, заманбап дистрибьютордук рынок, интеллект жана кино темасында лекциялар уюштурулат.
Муну менен катар Орто Азиянын питчинг лабораториясы өткөрүлөт.
Фестивалдын алкагында Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына арналган форум да болот.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом