Пандус жок имарат. Ага жол берген чиновник үч жыл кызматка алынбайт

Пандус жок имарат. Ага жол берген чиновник үч жыл кызматка алынбайт

Бишкекте 2022-жылы курулган 15 мектептин жана бир бала бакчанын имаратынын биринде дагы майыптыгы бар жарандар үчүн шарттар түзүлгөн эмес. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев Жогорку Кеңештин укук тартип, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин жыйынында билдирди.

Эл өкүлү мындайга жол берген мамлекеттик органдын өкүлдөрүн жоопко тартууну сунуштайт.

Дастан Бекешев Кылмыш-жаза кодексинин 273-беренесине өзгөртүү киргизүүдө. Ага ылайык имаратта мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга шарт түзүлбөй эксплуатацияга берилсе анда ага уруксат берген чиновник үч жыл белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратылып, ага 50 миң — 100 миң сом айып салынат.

Белгилей кетсек, Дастан Бекешев курулуш компаниялардын дагы имараттын сапаты үчүн жоопкерчилигин күчөтүүнү сунуштайт. Бирок бүгүн парламенттин комитети Башкы прокуратуранын каршы пикирине таянып, мыйзам долбоорун четке какты.

Сапатсыз үй курган компания башчыларын эркинен ажыратуу сунушталууда

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>