Байге фонду 9 млн сом. Ошто улуттук оюндар боюнча мелдештер өтөт

Байге фонду 9 млн сом. Ошто улуттук оюндар боюнча мелдештер өтөт

Кыргызстандын Эгемендик күнүнө карата Ош облусунда, 31-августта көк бөрү жана улуттук спорттун түрлөрү боюнча президенттин кубогу өтөт. Мелдештин жалпы байге фонду 9 млн сомду түзөт. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Спорттук иш-чаралар 28-31-август күндөрү Ош облусунун «Төлөйкан» ат майданында жана Ош шаарынын А.Сүйүнбаев атыдагы борбордук стадионунда өткөрүлөт.

«Ат майданда көк бөрү, ат чабыш, эр эңиш, ат оюндары жана салбуурун боюнча жарыштар, ал эми борбордук стадиондо кыргыз күрөшү, алыш бел боо күрөшү, классикалык кыргыз күрөшү, ордо, айкүр жана таяк тартыш боюнча беттештер өтөт», — деп айтылат маалыматта.

Мелдешке республиканын бардык аймактарынан, Ош, Бишкек шаарларынан жана Казакстан, Өзбекстан, Тажикистан жана Түркмөнстандан келген спортчулар катышат.

Белгилей кетсек, аталган мелдештер Кыргызстандын Эгемендигинин 32 жылдыгына жана мамлекеттик жана саясий ишмер Н.Исановдун 80 жылдык мааракесине арналып өткөрүлөт.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>