Бишкекте үч жаш жигит шаар тургунун карактап кеткен. Шектүүлөр кармалды

Бишкекте үч жаш жигит шаар тургунун карактап кеткен. Шектүүлөр кармалды

Бишкекте каракчылык кылууга шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу Биринчи май райондук милициясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 17-июлда болжол менен саат 23:00до Жибек-Жолу көчөсүндө (Батыш унаа бекети жакта) белгисиз адамдар шаар тургунун (Э.Т.) бычак менен коркутуп, 5 миң сом акчасын жана баасы 12 миң сомдук Redmi 10 телефонун тартып алышкан. Бул боюнча шаар тургуну милицияга кайрылган.

Аталган фактыга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 207-беренеси (каракчылык) боюнча кылмыш иши козголгон.

Ыкчам-тергөө иштеринин натыйжасында шектүү катары 2003-жылы туулган А.Т., А.Б. жана 2005-жылы туулган И.Р. аттуу жарандар кармалган. Алар райондук милициянын тергөө кызматы жеткирилип, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.

Милициядан белгилешкендей, тергөө учурунда, кармалгандар ушул сыяктуу башка кылмыштарга катыштыгы бар экени аныкталган.

«Шектүүлөрдүн кылмыштуу аракеттеринен жабыр тарткандар болсо же кандайдыр бир маалыматы бар жарандарды 0(508) 111 112 же 102 номерине кабар берүүсүн суранабыз», — деп билдиришти милициядан.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>