«Бакубат Талас” фонду 341 социалдык долбоорду каржылады

«Бакубат Талас” фонду 341 социалдык долбоорду каржылады

«Бакубат Талас” фонду аймактагы социалдык маселелерди чечүүгө көмөктөшүүдө 341 социлдык долбоорду ишке ашырды.

“Альянс Алтын” ЖЧКсы социалдык багыттагы компания өз ишмердилүүгүн баштагандан бери Талас облусундагы социалдык көйгөйлөрдү чечүү үчүн “Бакубат Талас” фондун түзүүгө көмөк көрсөткөн. Фонд 2016-жылы 341 долбоорду каржылап, алардын көпчүлүгү бүгүнкү күндө ишке ашты. Жалпы каржылоо 600 миллион сомду түздү.

Негизги иш жүзүндө аткарылгандары 2019-жылга туш келген. Анда “Бакубат Талас” 86 миллион сомду түзгөн 132 долбоорду ишке ашырып, жергиликтүү тургундарга 90 миллион сомдук жеңилдетилген кредиттерди берген.

Белгилей кетсек, Жер-үй алтын кени бөлгөн каражаттардын 60 пайызы Талас облусундагы ишкерлерди колдоого, 40% социалдык долбоорлорго сарпталат. Башында “Альянс Алтын” 100 миллион сомдон бөлүп келген, 2020-жылдан баштап фондго 150 миллион которулат баштады. Ал эми бул каражаттар кен толук кандуу иштеп баштагандан соң көбөйөт. Компания 650 миллион сом башкача айтканда кирешенин 2 пайызын которо баштай. Республикалык бюджетке болсо жыл сайын 2 миллиарддан 4 миллиард сомго чейин түшүп турат.

Учурда фонд тарабынан облус аймагында бала бакчалар жаңыланууда, башкаруу органдарына көмөк көрсөтүлүүдө. Талас облустук ички иштер башкармалыгынын от жагуучу бөлмөсү оңдоолду, тез жардам унаасы алынды. Соңку 40 жылда алгачкы ирет милиция кызматкерлерине үйлөр салынды. Манас айылындагы кесиптик лицейдин базасында келечекте кенде иштөөчү адистерди даярдоо жүрүүдө.

Фонд өз ишмердүүлүгү менен таластыктардын бардык жашоо шартына таасир этип келет. Балдар бакчасынан баштап, спорттук командаларына чейин. “Альянс Алтын” компаниясы Жерүйдү дагы 20 жыл иштетет, демек “Бакубат Талас” – бул Талас облусун өнүктүрүүдөгү узак мөөнөттүк долбоор.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>