Бала бакчадагы тамактануу. Балдардын бекер билим алуу укугу бузулат

Бала бакчадагы тамактануу. Балдардын бекер билим алуу укугу бузулат

Жогорку Кеңештин депутаттары “Билим берүү жөнүндө” мыйзамына өзгөртүү сунуштоодо.

Парламенттин сайтына илинген долбоордо мыйзамдын 28-беренесинин 6-бөлүгүн алып салуу каралат.

«Эгер бала-бакчаларда тамактанууга ата-энелерден акы алынса, анда аярлуу катмардын балдары мектепке чейинки бекер билим алуу мүмкүнчүлүгүнө жетпей калышы мүмкүн», — дейт эл өкүлдөрү.

Депутаттар Конституциянын 46–беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык  мамлекеттик билим берүү уюмдарында билим берүү акысыз жүргүзүлөрүн белгилейт.

Белгилей кетсек, 2023-жылдын 11-августунда кабыл алынган «Билим берүү жөнүндө» мыйзамдын  28-берененин 6-бөлүгүндө, мектепке чейинки билим берүү уюмдарында тамактанууну уюштуруу ата-энелердин (мыйзамдуу өкүлдөрүнүн) каражаттарынын эсебинен жүзөгө ашырылары ашырылаары каралган. Ушуга байланыштуу Финансы министрлиги мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде тамактанууну каржылоону токтотуп жатат.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов бала бакчаларда тамактанууну уюштуруу маселесин саясатташтырбоого чакырды.

Байсалов: Эл байлардын балдарынын тамагын төлөш керекпи?

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>