Баласы ооруканада калып, энеси Орусиядан депортацияланган. ТИМ маалыматты төгүндөдү

Баласы ооруканада калып, энеси Орусиядан депортацияланган. ТИМ маалыматты төгүндөдү

Тышкы иштер министрлиги “Екатеринбург шаарында кыргызстандык жарандын баласы ооруканада калтырылып, өзү депортацияланган» деген маалымат тууралуу билдирүү таратты.

Маалыматка караганда, 7-февралда Екатеринбург шаарындагы Башкы консулдуктун консулу жашы жете элек Кыргызстандык бала жаткан Свердлов облустук балдар клиникалык ооруканасына барган.

Оорукананын жетекчилигинин маалыматына ылайык, баланын абалы «туруктуу» деп бааланууда жана анын даарылануусу февраль айынын аягына чейин уланат.

Дипломаттар баланын ата-энеси менен сүйлөшүү жүргүзүп, анын жыйынтыгында баланын анадан аркы даарылануусу Екатеринбург шаарында улантылаары боюнча чечим кабыл алынганы белгилүү болгон.

“Ошол эле учурда, баланын энесин Россия Федерациясына киргизбөө боюнча чечим ага белгилүү себептерге байланыштуу кабыл алынгандыктан, аны Россиядан депортация кылган деген маалымат чындыка дал келбейт”, — деп айтылат маалыматта.

Баланын үй-бүлөсү бул маселе боюнча маалыматты мындан ары массалык маалымат каражаттарында таратпоону суранат.

Жогорудагы маселе министрлик жана Башкы консулдуктун көзөмөлүндө.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>