Бишкектин эки көчөсү узартылат

Бишкектин эки көчөсү узартылат

Бишкекте темир жолду кесип өтө тургандай эки жол салууга даярдык көрүлө баштады. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.

«Лев Толстой көчөсүнө чыгуу үчүн Фучик көчөсү менен Бакаев көчөлөрү темир жолду кесип өткүдөй болуп узартылат. Тагыраагы, Фучик көчөсү Лев Толстой көчөсүнөн Товарный көчөсүнө чейин темир жол аркылуу салынат. Ал эми Бакаев көчөсү Бөкөнбаев көчөсүнөн (Ала-Арча каналынын батыш жээги) Лев Толстойго чейин узартылат», — деп айтылат маалыматта.

Калаа башчысы Айбек Жунушалиев «Кыргыз темир жолу» ишканасынын жетекчилигинин жана башка мамлекеттик органдардын катышуусунда өткөн көчмө жыйында ишти баштай берүүнү буюрган.

Мэрия көчөлөрдүн эки тарабына тең тротуар түшөрүн кошумчалады.

«Азыркы тапта шаардын түштүк жана түндүк бөлүгүн Жаш гвардия бульвары жана Асаналиев (Некрасов) көчөлөрүндөгү участок бириктирип турат. Жогоркудагы эки көчө узартылса, жол тыгындары бир топ азаят», — деди мэриядан.

Кийин Фучик менен Бакаев көчөлөрүн Түштүк магистралга чейин узартуу пландалууда.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>