Монополия кызматы: Казакстанда ишкерлер Кыргызстанга ун жөнөтпөй жатат (видео)

Монополия кызматы: Казакстанда ишкерлер Кыргызстанга ун жөнөтпөй жатат (видео)

Казакстандан Кыргызстанга ун импорттоо кыскарганына байланыштуу биринчи сорттогу ундун баасы кымбаттоодо. Бул тууралуу бүгүн, 19-сентябрда Жогорку Кеңештин комитетинин жыйынында Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын төрагасынын орун басары Айбек Мамыралиев билдирди.

Жыйында депутат Жусупбек Коргонбай уулу Мамыралиевге «эмне себептен нан, ун кымбаттап жатат?» деген суроо узатты.

Мамыралиевдин айтымында, Казакстандан ташылган биринчи сорттогу ундун баасы өткөн бейшемби күндөн (14-сентябрдан) тарта кымбаттай баштаган.

«Себеби, Казакстандан келген ундун көлөмү кескин түрдө кыскарды. Бул биринчи маселе. Экинчиси, ошол жердеги ишкерлер Кыргызстанга ун жөнөтпөй жатат. Бул маселе боюнча тиешелүү чаралар көрүлүп жатат. Экономика министрлиги менен иштеп, өкмөткө тиешелүү сунуштарды бердик», — деп билдирди Мамыралиев.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>