Балыкчы — Корумду жолун куруп жаткан жумушчулар маяналарын ала албай жатат

Балыкчы — Корумду жолун куруп жаткан жумушчулар маяналарын ала албай жатат

Балыкчы — Корумду автожолун куруп жаткан кытайдын “Лонг Хай” компаниясында иштеген жумушчулар 2019-жылдагы маяналарын ала албай жатат. Бүгүн, 6-февралда жумушчулардын өкүлдөрү менен Транспорт, архитектура жана курулуш боюнча комитеттин депутаттары жолугушуп, маселени териштирди. 

Маалым болгондой, Өкмөт бюджеттен жумушчулардын айлык акысы үчүн 9 млн сом бөлүп берген. Бирок, “Лонг Хай” компаниясы ал акчаны дарегине толук жеткирген эмес. Мындан улам, Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы ал компаниянын ишин текшерүүгө алган. Депутат Сайдолимжон Джураев жумушчулар аларга укук коргоо органдарына арыз менен кайрылуу кеңешин берди.

Эл өкүлү Махабат Мавлянова өкмөт өкүлдөрүнө айлык акы маселесин тез чечүү үчүн техникасын ижарага бергендер менен жумушчулардын өздүгүн тактап, аларга 10 күндүн ичинде жооп берүү тапшырмасын берди.

Белгилей кетсек, ушу тапта мамлекеттик бюджеттин каражатына курулуп жаткан 104 чакырым Балыкчы-Корумду жолунун 60 пайызы бүткөрүлдү. Жалпы сметалык баасы – 9 млрд сом. Тендерде кытайдын “Лонг Хай” компаниясы утуп чыгып, жол курулушу 2015-жылы башталган. Ошондон бери ал көптөгөн көйгөйлөр менен коштолуп келет.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>