Балыкчыда 9 жашар кызга ыплас аракеттерди жасаган адам кармалды

Балыкчыда 9 жашар кызга ыплас аракеттерди жасаган адам кармалды

Ысык-Көлдө өспүрүм кызга карата ыплас аракеттерди кылган жаран кармалды, деп билдирет облустук милициянын басма сөз кызматы.

Маалыматка караганда,  29-июль күнү Балыкчы ШИИБге жергиликтүү тургун кайрылып, белгисиз жаран анын тогуз жаштагы кызына карата адепсиз жоруктарды жасаганын билдирген. Арыз ээсинин айтымында, ошол күнү саат 18:30дар чамасында белгисиз жигит кызын көп кабаттуу үйлөрдүн бирине алып келип, жаш өспүрүмгө карата жыныстык  катнашсыз ыплас аракеттерди көргөн. Ал эми өтүп бараткан адамдарды көрүп калганда, белгисиз тарапка качып кеткен.

Аталган факт Балыкчы ШИИБдин КБРине катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 158 (Ыплас аракеттер) беренеси менен кылмыш иш козголгон.

Жаш өспүрүмдү мыйзамдуу өкүлдүн катышуусунда сураганда, кыз милиция кызматкерлерине аны токтоткон жигит болжол менен 25-30 жаштардагы, толмоч, спирт ичимдиги менен жыттанганын айткан.

Аталган кылмыштын бетин өз учурунда ачуу максатында атайын тергөө-ыкчам тобу түзүлгөн, ал эми шаардык милициянын тышкы кызматтарынын өздүк курамы мурда соттолгон жана ыкчам кызыкчылык туудурган жарандарды текшерүүгө багытталган.

Балыкчы ШИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмчөсүнүн ыкчам кызматкерлери тарабынан көрүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө жаш өспүрүмгө карата кылмышка шектүү жаран аныкталып, кармалган. Ал Нарын облусунун тургуну, шаардагы эс алуу үйлөрдүн биринде келишимдик негизде иштеген 28 жаштагы Т.К. болуп чыкты.

Шаардык соттун чечими менен шектүүгө карата тергөөнүн жүрүшүндө 2 айга камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалды.

Учурда тергөө амалдары уланууда.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>