Чолпон-Атанын инфраструктурасын франциялык компания жакшыртат

Чолпон-Атанын инфраструктурасын франциялык компания жакшыртат

Мамлекеттик курулуш агенттиги менен Франциянын “ЭГИС” компаниясынын ортосунда келечекте Чолпон-Ата шаарында ишке ашырыла турган долбоордун техникалык-экономикалык негиздемесин тактоо жана долбоордук-сметалык документтерин иштеп чыгуу боюнча келишим түзүлдү. Бул тууралуу Мамкурулуштан билдиришти.

Келишимге Франциянын Кыргызстандагы элчиси Франсуа Делаустун катышуусунда кол коюлду.

Кол коюу учурунда тараптар келишим боюнча иштерди сапаттуу жана өз убагында аткаруунун маанилүүлүгүн белгилешти. Ошондой эле, Мамкурулуштун директору Нуртазин Жетыбаев 2026-жылга чейин Кыргызстандын өнүктүрүүнүн Улуттук программасынын жана президенттин “КР 2026-жылга чейинки өнүктүрүүнүн кечиктирилгис чаралары жөнүндө” жарлыгынын алкагында учурда агенттик тарабынан бир катар иш-чаралар аткарылып жаткандыгына көңүл бурду.

Долбоор Чолпон-Ата шаарында, анын ичинде жакынкы айылдарда, Азия өнүктүрүү банкынын демөөрчүлүгү менен 50 миллион доллар өлчөмүндө ишке ашырылат, анын жарымы грант.

Каражат саркынды сууларды тазалоочу жайды жана насостук станцияларды курууга, катуу таштандыларды тазалоочу жайларды жакшыртууга жана Чолпон-Ата шаарынын инфраструктурасын жакшыртуу боюнча бир катар маанилүү иш-чараларды өткөрүүгө жумшалат.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>