Баңгизат саткан интернет дүкөндүн түзүүчүсү 13 жылга кесилди

Баңгизат саткан интернет дүкөндүн түзүүчүсү 13 жылга кесилди

Кыргызстанда биринчи жолу баңгизат саткан онлайн дүкөндүн түзүүчүсү кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) жана психотроптук заттарды сатуу үчүн 13 жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

KG_Svetofor интернет-дүкөнүнүн ээси Telegram мессенджеринде баңгизаттарды активдүү жарнамалаган. Ал 2022-жылы баңгизат сатуу боюнча шериги менен кармалган. Тактап айтканда, аларга Кылмыш-жаза кодексинин “Баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатуу максатында мыйзамсыз даярдоо” жана “Кылмыштуу кирешелерди легализациялоо” беренелери боюнча айып тагылган.

Кылмыштуу жол менен табылган акчанын суммасы 2 миллион сомдон ашык. Сот 32 жаштагы Л.Ильяны күнөөлүү деп таап, жалпы режимдеги түзөтүү колониясында 13 жылга эркинен ажыратты. 22 жаштагы И.Надежда 80 миң сом айып салынды.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>