«Бишкекгаз» Ленинское айылында 30-сентябрдан 2-октябрга чейин газ берүүнү токтототКыргызстанда санариптик далилдерди мыйзамдаштырып, виртуалдык активдерге камак салуу сунушталуудаБишкекте үй-тиричилик товарларын жана техникаларын чыгарган өндүрүштүк аянтча ачылдыКыргызстанда кайсы өсүмдүктөрдү жыйноого, колдонууга жана сатууга болбойтБишкектеги Г. Айтиев атындагы музейде байыркы кол жазмалар тууралуу лекция өтөтКыргызстанда 1 млрд долларлык фармацевтикалык индустриалдык парк курулат
Бишкек — Казань N4 1488 каттамын аткарган учак кармалуудан кийин учуп кетти
29.07.2026 | 15:28

«Кыргызстан аэропорттору» ААК маалымдагандай, буга чейин бара турган аэропорттун ишине убактылуу чектөөлөр киргизилгендигине байланыштуу кармалып турган NordWind авиакомпаниясынын Бишкек — Казань багытындагы N4 1488 каттамы көздөгөн жерине учуп кетти.
Буга чейин кабарлангандай, учуу жергиликтүү убакыт боюнча саат 07:40ка пландалган. Бирок Казань аэропортунда аба кемелерин кабыл алууга жана учуруп чыгарууга убактылуу чектөөлөрдү караган «Килем» (Ковер) режими киргизилгендигине байланыштуу каттам артка жылдырылган болчу.
Каттамга 192 жүргүнчү катталган. Күтүү учурунда алардын бардыгы аэропорттун стерилдүү аймагында (күтүү залында) болушту, ал эми авиакомпания аларды ысык тамак менен камсыз кылды.
Чектөөлөр алынгандан кийин аба кемеси Казанга учуп кетти.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом
Теги: Кыргызстан, рейс