Токтогул: Башкы прокурор менен ички иштер министринен эл эмнени өтүндү?

Токтогул: Башкы прокурор менен ички иштер министринен эл эмнени өтүндү?

Бүгүн, 6-июлда президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев, Башкы прокурор Курманкул Зулушев, ички иштер министри Улан Ниязбеков жана президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев Токтогул районунун жергиликтүү тургундары менен жолугушууга барды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, президент Садыр Жапаров өлкө аймактарына жумушчу сапары менен чыкканда жергиликтүү тургундар менен жолугушуу учурунда бир катар көйгөйлөр көтөрүлгөн. Алардын көпчүлүк бөлүгүн соттордун чечимдерине, укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин иш-аракеттерине байланыштуу маселелер болгон.

Ошол себептүү, мамлекет башчынын тапшырмасына ылайык башкы прокурор Курманкул Зулушев менен ички иштер министри Улан Ниязбеков Кыргызстандын аймактарын кыдырып, элдин укук коргоо органдарынын ишмердүүлүгүнө байланышкан маселелеринен кабар алып жана элдин көйгөйүн угуп, милиция менен прокуратура, жалпы эле коомдук тартиптин абалы, кылмыштуулук менен күрөшүүдөгү абал менен жеринен таанышып, бул багытта элдин пикирин, ой-сунуштарын жана арыздарын жеринен кабыл алып, аны ыкчам чечүү маселелерин колго алышат.

Бүгүнкү жолугушуу учурунда Токтогул районунун 400гө чукул тургундары коомдук тартиптин сакталышы жана жарандардын жашоо-турмушуна байланышкан маселелер боюнча ачык айрым өз ойлорун ортого салышты.

Жергиликтүү тургундар бир нече маселелерге токтолушуп, аларды ыкчам чечүүнү суранышты. Алсак, отуз миңге жакын калкы бар Кетмен-Төбө айылына милициянын айылдык бөлүмчөсүн ачуу, Токтогул районунда туризмди өнүктүрүү, ага ылайык инфраструктураны туристтерге ылайыктап шарт түзүү, суу маселеси, жер маселеси, жайыт маселеси жана ишкерликти өнүктүрүү тууралуу суроолорду беришти.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: токтогул

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>