Каракчылар пенсионерди сабап, акчасын алып кетишкен  

Каракчылар пенсионерди сабап, акчасын алып кетишкен  

Ысык-Көлдө түнкү каракчылыкты милиция кызматкерлери изин суутпай ачышты. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 20-сентябрда Каракол ШИИБге Каракол-Пристань шаарчасынын 75 жаштагы тургуну арыз менен кайрылып, 20-сентябрга караган түнү белгисиз азия улутундагы үч бала анын үйүнө кирип, бирөөсү темир түтүк менен сабаганын жана ага тиешелүү болгон уюлдук телефонун, паспортун, пенсиялык карточкасын жана 6280 сом акча каражатын күч колдонуп алып кетишкендигин билдирген.

Арыз Каракол ШИИБде каттоого алынып, Кылмыш-жаза кодексинин 207-беренесинин (Каракчылык) негизинде кылмыш иши козголгон.

Улгайган адамга карата жасалган өзгөчө оор кылмыштын бетин тез аранын ичинде ачуу максатында Ысык-Көл ОИИБдин жана Каракол ШИИБдин кылмыш иликтөө, тергөө кызматтарынын тажрыйбалуу ыкчам кызматкерлеринен жана тергөөчүлөрүнөн атайын тергөө-ыкчам тобу түзүлүп, тийиштүү иш-чаралары колго алынган.

Көрүлгөн иш-аракеттердин натыйжасында милиция кызматкерлери көпкө узабай кылмышка шектүүлөрдү кармоого жетишкен.

Кылмышка шектүү болуп, Каракол шаарынын тургундары 19 жаштагы Б.Д., 17 жаштагы И.Н., Каракол-Пристань шаарчасынын 20 жаштагы тургуну Ш.А. болуп чыгышты жана милициянын тергөө кызматына өткөрүлүп берилди.

Учурда кылмыш ишинин алкагында тергөө амалдары уланууда.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>