Баткен шаарына көчүрүлгөн Ак-Сайдын эли менен министр жолукту

Баткен шаарына көчүрүлгөн Ак-Сайдын эли менен министр жолукту

Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев Баткен облусуна болгон иш сапарынын алкагында Баткен шаарына эвакуацияланган Ак-Сай айылынын тургундары менен жолугушту.

Жыйында министр, президент Садыр Жапаровдун тапшырмасынын негизинде 80 тонна ун министрлик аркылуу Баткен облусуна, анын ичинен 30 тоннасы Баткен шаарына бөлүнөрүн билдирди.

Кудайберген Базарбаев ошондой эле жыл башынан бери министрлик тарабынан облустун социалдык муктаждыктарына 1 млрд 87 млн ​​сом бөлүнгөнүн кошумчалады.

“Мындан тышкары сентябрь айында аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө 25 млн бөлүнгөн»-дейт министр.

Кудайберген Базарбаев Интернационал айылынын тургундары менен жолугушуп, аларга гуманитардык жардам тапшырды.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР
Тэги: Ак-сай

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>