Баткен: Акыркы эки жылда чек ара чыры 98 адамдын өмүрүн алды

Баткен: Акыркы эки жылда чек ара чыры 98 адамдын өмүрүн алды

Акыркы эки жылда кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдан улам Кыргызстандын 98 жараны каза болуп, 371 адам жарадар болду. Каза болгон адамдардын арасында жаш балдар дагы бар.

Ушул жылдын 14-17-сентябрында Тажикстан куралдуу агрессия көрсөтүп, мурда сүйлөшүлгөн бардык макулдашууларга карабай, кыргыз-тажик чек арасынын Баткен облусундагы жана Ош облусунун Чоң-Алай районундагы чек аралык жана жарандык объекттерге кол салды.

16-сентябрда кыргыз-тажик чек арасындагы абал курчуп, Тажикстандын агрессиясынан улам куралдуу кагылыш башталган. УКМК Тажикстан Кыргызстандын аймагын басып алууга аракет көрүп жатканын билдирген.

Кагылышты токтотууга аракеттер көрүлүп, эки өлкөнүн УКМК башчыларыпрезиденттери ортосунда ок атууну токтотуу макулдашылган. Ага карбастан ок атышуулар дээрлик түнгө барып басылган.

Камчыбек Ташиев чек арадагы жаңжалдын айынан аскер жана жай тургундар арасында курман болгондор бар экенин билдирген.

Кыргызстанда 19-сентябрь улуттук аза күтүү күнү деп жарыяланган.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги 14-17-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында болгон куралдуу кагылыш боюнча билдирүү жасап, Тажикстан алдын ала пландап, Кыргызстанга кол салганын билдирген.

Чек арага жакын аймактардан 140 миңге жакын кыргызстандык жаран эвакуацияланып, өз үйлөрүн таштап кетүүгө аргасыз болушту.

Саламаттык сактоо министрлигинин акыркы маалыматына караганда, куралдуу кагылыштан 62 кыргызстандык жаран каза болуп, 198 киши жараат алды. Курман болгондордун көбүн аскер кызматкерлери түзөт. Министрлик курман болгон адамдардын аты-жөнүн расмий жарыялай элек.

Ал эми жабыркаган 198 адамдын 61и азыркы тапта үйдөн дарыланууда, 126сы Бишкектин жана Оштун, калгандары Баткен облусундагы ооруканаларда жатышат. Жараат алгандардын 13ү балдар, 14ү аялдар.

ӨКМдин маалыматына караганда, куралдуу кагылышта 613 үй зыян тартканы аныкталды. Ошондой эле административдик-стратегиялык маанидеги 9 объект, социалдык маанидеги 15 объект, 323 сарай, 171 чарбалык курулуштар, бир көпүрө жана 26 автоунаа зыянга учурады.

Былтыр, 2021-жылдын 28-29-30-апрелинде жана 1-майында кыргыз-тажик чек арасында куралдуу кагылышуу болгон.

Жанжал 28-апрелде күндүз Баткен районундагы кыргыз-тажик чек арасында чыккан. Чыр-чатак тажик тарап Ак-Сай айыл өкмөтүнүн аймагынан шагыл жүктөп, мамыларга видеокөзөмөл орнотууга киришкенден кийин башталган. 29-апрелде түшкө маал эки тараптын аскерлеринин ортосунда ок атышуу башталган. Тажик тарап оор артиллерия, Ми-24 аскердик тик учагын да пайдаланган.

Баткен районунун Ак-Татыр айыл башкармалыгынын Орто-Боз айылынын тургунунун үйүнөн авиациялык ракета табылган.

Чек ара жаңжалынан улам Кыргызстандын 36 жараны каза болуп, 173 адам жарадар болгон. Чек ара аймактарынан жалпы 20 миңден ашуун жергиликтүү тургун эвакуацияланган. Баткен облусунун Баткен районунда жана Лейлек районунда 136 үй урандыга айланып, 15 социалдык объект жана ондогон бизнес объектилери талкаланган.

Кыргызстанда 2021-жылдын 1-2-май күндөрүжалпы улуттук аза күтүү күндөрү деп жарыяланган. Жарлыкка Садыр Жапаров кол койгон.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>